«Абдыш-Ата» 2025-жылкы Кыргызстандын Суперкубогунун ээси болду
Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде 1-мартта Кыргызстандын Суперкубогунун беттеши орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Суперкубок үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону «Абдыш-Ата» футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубонунун ээси «Мурас Юнайтед» кез келишти.
Беттештин негизги жана кошумча убакыты жеңүүчүнү аныктаган жок, андыктан пеналтилер сериясы ойнотулду. Анда «Абдыш-Ата» ийгилик жаратып, 4-3 голдук көрсөткүч менен атаандашты жеңди.
Беттештин мыкты оюнчусу болуп «Абдыш-Ата» дарбазачысы Султан Чомоев табылды.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Джекшенов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Кыргыз профессиональнык футбол лигасынын президенти Асылбек Кадралиев катышышты.
Нурдин Букуев КФБ атынан «Абдыш-Ата» клубуна 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 30 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды.
