ФИФАнын калыстар семинары жыйынтыкталды
7 июль

ФИФАнын калыстар семинары жыйынтыкталды

6-июль күнү Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде ФИФАнын МА калыстары үчүн өткөрүлгөн семинар жыйынтыкталып, катышуучуларга расмий сертификаттар тапшырылды. 5 күнгө созулган семинарга жалпы 35 калыс жана 25 инспектор катышты.

Окутууну Сингапур, Өзбекстан жана Малайзиядан келген тажрыйбалуу ФИФА инструкторлору өткөрүштү. Семинар калыстардын теориялык жана практикалык билимин жогорулатууга, ошондой эле IFAB менен FIFA тарабынан кабыл алынган футбол эрежелериндеги акыркы өзгөрүүлөрдү өздөштүрүүгө багытталган.

Инструкторлор тарабынан өткөрүлгөн практикалык сабактар жана видео-анализдер оюн учурунда эрежелерди туура колдонуп, так чечим кабыл алууга өбөлгө түздү.