III КМШ оюндары: кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча төрт медаль жеңди
Азербайжандын Гянджа шаарында 7-октябрда III КМШ оюндарынын алкагында 17 жашка чейинки балбандар арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өттү. Кармаштар аталган шаардагы Олимпиадалык спорт комплексинде уюштурулду.
Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду.
55 кг салмакта Рамазан Гасанов экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.
Ал эми Элимбек Абдыкеримов (48 кг), Бекназар Эмилбеков (51 кг) жана Иличбек Абдуллаев (65 кг) коло медалга ээ болду.
Жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары жалпы төрт медаль утту.
