Кыргызстанда жылдын мыкты мушкери аталды
11 декабрь

Кыргызстанда жылдын мыкты мушкери аталды

2024-жылдын 10-декабрында А.Кожомкул атындагы спорт сарайында КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн Кыргыз Республикасынын спортчулары сыйланды.

Жыл жыйынтыгы менен КР КК 73809 аб аскер кызматчысы кенже сержант Мукайбеков Батырхан 2024-жылдын мыкты мушкери наамын жеңип алды.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.