
Нарын шаарындагы союз учурунан бери каралбай калган спорткомплексте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо спорткомплексте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул объект жылдар боюн капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж эле.
Алсак, спорткомплекс союз учурунан бери каралбай келген. Былтыр 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган. Объекттин тендердик наркы 33,5 млн сомдү түзөт.
Бүгүнкү күндө демонтаж иштери бүткөрүлүп, имаратты калыбына келтирүү жумуштары уланууда.