Нарын шаарынын «Ала-Тоо» борбордук стадиону толугу менен реконструкциядан өтөт
17 апрель

Нарын шаарынын «Ала-Тоо» борбордук стадиону толугу менен реконструкциядан өтөт

Нарын шаарынын «Ала-Тоо» борбордук стадиону 1974-жылы колдонууга берилген. Шаардын негизги спорттук объектиси болуп саналган стадион эскиликке жетип, ушул жылдын аралыгында капиталдык ремонттон өткөн эмес. 3,48 га жер тилкесиндеги орун алган объектиде жаңы стадион курулат.

Стадиондун чыгыш жана батыш тараптарында трибуналар орун алып, анын жалпы сыймдуулугу 4500гө жетет. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпустун биринчи кабатында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр (медиа-центр, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр, допинг контроль бөлмөсү) салынат. Корпустун экинчи кабатынынын ичинде VIP-орундуктар жайгашып, үчүнчү кабатта ТВ адистери жана комментаторлор үчүн бөлмөлөр жайгашат. Стадиондун оюн талаасы гибриддик болуп анын айласында чуркоо аянтчасы курулуп, спорт сүйүүчүлөрдүн машыгуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Ал эми стадиондун жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт. Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары воркаут аянтчасы, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 120 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.