Бишкекте Спорт журналисттер федерациясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү
26 сентябрь

Бишкекте Спорт журналисттер федерациясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Спорт журналисттер федерациясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев, Кыргыз Республикасынын Спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев, Азия спорттук басма сөз ассоциациясынын (AIPS) президенти Хи Дон Чжон, башкы катчысы Амжад Азиз Малик жана жергиликтүү, чет өлкөлүк спорт журналисттери катышты.

Форумдун жүрүшүндө федерациянын 30 жыл ичинде аткарган ишин чагылдырган тасма көрсөтүлүп, расмий бөлүгүндө куттуктоо сөздөрү сүйлөндү.

Спорт агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев федерациянын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, тармактагы жаңылыктарды, окуяларды коомго жеткирүүдө журналисттердин орду өзгөчө экенин белгиледи. Ошондой эле, мындай маанилүү дата артта калган ийгиликтерди эскерүү гана эмес, алдыдагы жаңы бийиктиктерге карай кадам таштоо үчүн да чоң мүмкүнчүлүк экенин айтып өттү.

Форумда Кыргыз Республикасынын Спорт журналисттер федерациясынын 30 жылдыгына карата Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ведомстволук сыйлыгы менен төмөнкү журналисттер сыйланды:

“Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун мыктысы” төш белгиси “УТРК Спорт” каналынын продюсери Шайырбек Араповго, “УТРК Чүй” каналынын башкы редактору Жанара Эсеновага, спорт журналисти, фото кабарчы Гүлжан Турдубаевага жана “Азаттык Медиа” мекемесинин спорт кабарчысы Эмилбек Чекировго ыйгарылды.

Ошондой эле, Ардак грамота Адилет Керимбек уулуна (Кыргыз Спорт ТВ), Элиза Нурматовага (УТРК Ала-Тоо 24 каналы), Адилет Темирлановго (ЭлТР), Айзада Нурадилевага (Спорт журналисттер федерациясы), Эркинбек Абдуллаевге (Кыргыз Спорт ТВ), Мария Ивановага (УТРК Ала-Тоо 24) тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Спорт журналисттер федерациясы 1995-жылы түзүлгөн. Негизделген жылы ага 8 журналист мүчө болсо, учурда алардын саны 40тан ашат.