Кыргызстандык боксчулар Казакстанда өткөн мелдеште үч медаль утту, анын бирөө алтын
17 апрель

Кыргызстандык боксчулар Казакстанда өткөн мелдеште үч медаль утту, анын бирөө алтын

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Бекзат Саттархановдун жаркын элесине арналган мелдеш Казакстандын Туркестан шаарында өткөн.

Кыргызстандын курамасы жалпы үч медаль утту, анын бирөө алтын, экөө коло.

54 кг чейинки салмакта Милана Шихшабекова Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Ошондой эле 60 кг чейинки салмак категориясында Аделя Асылбек кызы коло медалга ээ болду. Эркектер арасында 63.5 кг чейинки салмакта Дилербек Садиров 3-орунду ээледи.

Курама команда башкы машыктыруучу Рустам Есенкуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.