Түндүк Корея – Кыргызстан беттеши Эр-Рияд шаарында өтөт
2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын 9-турунун алкагында Түндүк Корея менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул чечим Корей Эл-Демократиялык футбол ассоциациясы тарабынан кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын курама командасы өз үй беттештерин нейтралдуу аймактарда өткөрөт.
Кыргызстандын курама командасынын бул коноктогу беттеши 2025-жылдын 5-июнунда орун алат.
Оюндун так кайсы стадиондо өтөөрү жана башталыш убактысы тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.
