Кыргызстандын ушу саньда боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышууда
Бразилияда өтүп жаткан ушу саньда боюнча дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын курама командасы катышууда.
Дүйнө чемпионаты 80ден ашуун өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өтүүдө.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар күч сынашууда. Диербек Гапиров – 56 кг салмак категориясында, Темирлан Аманкулов – 80 кг салмак ченинде жана Карим Балтабаев – +100 кг салмак категориясында.
Курама команданын башкы машыктыруучусу – Тагайбек Омуржанов.
Чемпионат 31-августта башталып, 7-сентябрга чейин уланат. 2-сентябрда спортчулар таразага түшүп, бүгүнкү күндөн баштап мелдештерге катышат.
