Кыргызстанда футбол талааларына кам көрүү боюнча практикалык семинар өтүүдө
Кыргызстанда 16-17-апрель күндөрү гибриддүү жана табигый газон менен жабдылган футбол талааларына кам көрүү боюнча практикалык семинар өтүүдө. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Бул иш-чара Кыргыз футбол биримдиги жана ОсОО «Арго компани» менен биргеликте уюштурулуп, өлкөнүн бардык футбол клубдарынан, ири борбордук стадиондордон жана футбол академияларынан келген адистерди чогултту.
Семинарда катышуучулар футбол талааларынын эксплуатациясына байланыштуу актуалдуу темаларды талкуулашууда. Алардын катарына жер семирткичтерди жана минералдык кошулмаларды туура колдонуу, газонду сугаруу жана кыркуу технологиялары, газондун ооруулары жана тамыр системасынын көйгөйлөрү кирет.
Семинарга Түркиядан газон боюнча эксперт Үнал Чаглаян чакырылган, ал эми Кыргыз футбол биримдигинин атынан семинарды Шыгаев Рахат жүргүзүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты — футбол талааларына кам көрүү тармагында клубдардын жана стадиондордун кызматкерлеринин билим деңгээлин жана кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу. Бул өз кезегинде оюн сапатына жана футболчулардын коопсуздугуна түз таасирин тийгизет.
