Мейпл, Заю жана Клатч. 2026-жылы өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тумарлары аныкталды
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тумарларын аныктады.
ФИФАнын расмий сайтында багыш Мэйпл (Канаданын өкүлү), ягуар Заю (Мексика) жана бүркүт Клатч (АКШ) талисмандар катары көрсөтүлдү.
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино талисмандар дүйнө биринчилигинин өз сыяктуу "кубанычты, энергияны жана биримдиктин рухун" камтыганын баса белгиледи.
Ал белгилегендей, Мейпл, Заю жана Клатч турнирдин майрамдык атмосферасынын маанилүү бөлүгү болуп, күйөрмандарды өзүнө тартып, Түндүк Америкада жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча балдардын кийимдеринде, видео оюндарында жана товарларында пайда болот.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өтөт.
