
«Абдыш-Ата» үчүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болду
Күн мурун Кант шаарында жаңыланган «Нитро Арена» спорт комплексинде 1XBET Премьер-Лигасынын 2024 25-туру алкагындагы «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» жолугушуусу орун алды.
Суперклассико беттеши 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү болуп, бүйүр кызыткан жана көз жоосун алган учурларга бай болду.
Оюн талаа ээлери 1-0 эсебинде борбор калаалык клубду жеңип, мөөнөтөн мурда Кыргыз Республикасынын чемпиону болушту.
«Абдыш-Ата» катары менен үчүнчү ирэт өлкө чемпиону аталды.
Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Ильгиз Садыралиев жана «Абдыш-Ата» футболдук клубунун Президенти Советбек Сакебаев катышышты.
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 миң АКШ доллардык сыйлык сертификатын ыйгарды.