Бишкекте спорттук медицина жана реабилитация боюнча эл аралык конференция өтүүдө
Бүгүн, 31-январь күнү Бишкек шаарындагы «Технопарк» борборунда спорттук медицина жана медициналык реабилитация багытында масштабдуу эл аралык илимий-практикалык конференция старт алды.
Иш-чара Кыргыз футбол биримдиги, «Мүрөк» реабилитациялык борбору жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тарабынан уюштурулуп, конференциянын ачылыш аземине Кыргыз футбол биримдигинин Башкы катчысы Медербек Сыдыков катышты.
Конференциянын негизги максаты – спорттук медицина жана физикалык реабилитация тармагындагы заманбап ыкмаларды жайылтуу, клиникалык тажрыйба алмашуу жана далилдүү медицинанын негизинде иш алып барган адистердин кызматташтыгын бекемдөө болду.
Иш-чаранын спикерлери катары төмөнкү белгилүү адистер чакырылган:
- Шешенин Валерий Валерьевич – физикалык реабилитация боюнча адис, PNF, Mulligan, Maitland, CLT ыкмалары боюнча сертификатталган терапевт (Россия);
- Щеголихин Михаил Александрович – дарыгер-невролог, реабилитолог, ортопедиялык жана неврологиялык реабилитация боюнча адис (Россия);
- Естаев Азамат Серикович – спорттук медицина жана медициналык реабилитация дарыгери, жогорку деңгээлдеги спортчулар менен иштөө боюнча эксперт (Казакстан);
- Сергей Сергеевич Рябоконь – реабилитолог-дарыгер, ЛФК жана Шрот-терапия боюнча адис (Кыргызстан);
- Дмитриев Ростислав Валерьевич – жогорку категориядагы физиотерапевт-дарыгер, невролог, мануалдык терапевт (Кыргызстан);
- Асанов Айбек Акылбекович – реабилитолог-дарыгер, физиотерапевт, «МҮРӨК» спорттук медицина жан реабилитация борборунун директору (Кыргызстан).
Эске салсак, «Мүрөк» – Кыргызстандагы спорттук медицина жана реабилитация боюнча биринчи адистештирилген борбор болуп саналат. Ал көп тармактуу уюм катары түзүлүп, бул борбордо спортчулар диагностикадан өтүп, дарыланып, реабилитациядан өтүп жана кайрадан спортко кайтуу процессин бир жерден толук жүргүзө алышат. «Мүрөк» борбору 2026-жылы расмий ачылат.
Бул долбоор 2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» өлкө Президентинин жарлыгы алкагында жана КФБ Президенти Камчыбек Ташиевдин демилгеси алдында ишке ашырылууда.
Андыктан бүгүнкү конференциянын дагы бир максаты – спорт жана медицина тармагындагы маанилүү объектилердин ачылышы алдында медицина адистерин бириктирүү, тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана эл аралык медицина эксперттеринен заманбап билим алуу болуп саналат.
