U-17 дүйнө чемпионаты: Бүгүн Кыргызстандын балбан кыздары таймашка чыгат
30 июль

U-17 дүйнө чемпионаты: Бүгүн Кыргызстандын балбан кыздары таймашка чыгат

Бүгүн, 30-июлда Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин үчүнчү күнүндө Кыргызстандын балбан кыздары килемге чыгат.

Алар:

  • Айза Таалайбекова 43 кг,
  • Азема Калидинова 49 кг,
  • Альбина Салымбекова 57 кг,
  • Манзура Жусуева 65 кг,
  • Меруерт Октябрева 73 кг салмактык категорияларында күч сынашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат.

Ошондой эле, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча кечээ таймашкан спортчулар үчүн жубатуучу жана финалдык беттештер өтөт. 51 кг салмакта Ислам Курбанов коло байге үчүн күрөшөт.

Ал эми Нуркерим Кумарбеков менен Амангелди Ысакбаев финалга чыккан. Нуркерим Кумарбеков 45 кг салмактык категориясында алтын медаль үчүн казакстандык Куанышбек Жангажол менен беттешет. Амангелди Ысакбаев болсо 60 кг салмакта алтын байге үчүн азербайжандык Али Назаров менен күч сынашат.