КФБ жетекчилиги Өзгөн жана Кара-Суудагы стадиондордун курулушун текшерди
28 апрель

КФБ жетекчилиги Өзгөн жана Кара-Суудагы стадиондордун курулушун текшерди

КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Ош облусуна иш сапары менен барышты.

Анын алкагында КФБ жетекчилери Өзгөн жана Кара-Суу шаарларында курулуп жаткан стадиондоруна баш багып, жергиликтүү аймактын жетекчилери, жана курулушту жүргүзгөн уюмдун өкүлдөрү менен көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйын алкагында КФБ өкүлдөрү курулуштун жүрүшүн текшеришип, маселе жараткан суроолорду талкуулашты.

Белгилесек, бул эки обьектинин курулушу 2025-жылы бүткөрүлөт.