Бишкекте кармаш уруш боюнча Дүйнө биринчилиги жана Азия чемпионаты башталды
28 апрель

Бишкекте кармаш уруш боюнча Дүйнө биринчилиги жана Азия чемпионаты башталды

Бишкекте бүгүн, 28-апрелде “Газпром” спорт комплексинде кармаш уруш боюнча Дүйнө биринчилиги жана Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында өтүүдө.

Жалпы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Армения, Конго Республикасы, Түрмөнстан, Палестина жана Сириядан келген спортчулар катышууда.

Финалдык беттештер эртең, 29-апрелде болот.