Кыргызстандык тайбоксчулар Италиядагы дүйнө чемпионатына катышууда
25 июнь

Кыргызстандык тайбоксчулар Италиядагы дүйнө чемпионатына катышууда

Кыргызстандын тай бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Италиянын Верона шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда. 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш 25-30-июнь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • 32 кг Абу-Бакр Бакиев (11 жаш);
  • 57 кг Альберт Бактыбеков (19 жаш);
  • 60 кг Ихтияр Каниметов (24 жаш);
  • 63.5 кг Цой Никита (29 жаш);
  • 67 кг Абдулла Кудайбердиев (20 жаш);
  • 75 кг Кубанычбек Жолдубаев (33 жаш);
  • 60 кг Аделя Асылбек кызы (18 жаш).

Курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутов жана машыктыруучу Ильяр Бакиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.