Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланууда
Ош шаарынын борбордук стадионунун кирүүчү бөлүгүндөгү жана каналдын жээгиндеги баш-аламан курулуштар бузулуп алынып, айланасы заманбап талаптарга ылайык келтирилип, оңдоп-түзөлөт.
Мэриядан кабарлашкандай, буга чейин стадиондун кире бериш аймагы ар кандай курулуштар менен тосулуп, терс көрүнүштөрдү пайда кылып келген.
Эми бул аймак тазаланып, шаардыктар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана эстетикалык чөйрө түзөт.
Ошондой эле, эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди өткөрүү үчүн, стадион тиешелүү талаптарга жооп бере турган абалга келтирилет.
Бул жаңылануу — спортту өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.
