Караколдо Кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана Дене тарбия кызматкерлеринин майрамына арналган иш-чара болуп өттү
Спорт – бул ден соолук, тартип жана жеңишке болгон эрк! Дал ушул баалуулуктарды жайылтуу максатында Каракол шаарында өзгөчө маараке өткөрүлдү. Кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана 6-апрель – Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата атайын иш-чара уюштурулду. Бул иш-чара Каракол шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн демилгеси менен, Каракол шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин колдоосу аркылуу ишке ашты.
Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов , Кыргыз Республикасынын мектеп жана студенттер спортун өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директору Асанбаев Урмат мырза, Каракол шаарынын мэриясынын өкүлү Азамат Чыныбаев, Каракол шаарынын прокурору Кубанычбек уулу Урмат, шаардык кеңештин депутаттары, Ысыккөл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Болоков Адилет Турсунбекович,ошондой эле Каракол шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Азамат Керимкулов баштаган спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Иш-чаранын алкагында Каракол шаардык бюджетинен жалпы 11 миллион 400 миң сом каражат бөлүнүп, ал спорттук жетишкендиктери менен өлкө намысын коргоп, жаштарга өрнөк болгон спортчуларга сыйлык катары ыйгарылды. Бул – спортко жасалган инвестиция гана эмес, жаштарды туура жолго үндөгөн, келечек чемпиондорду тарбиялоого өбөлгө түзгөн маанилүү кадам.
