U-20: Бүгүн кыргызстандык төрт балбан килемге чыгат
22 август

U-20: Бүгүн кыргызстандык төрт балбан килемге чыгат

Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки балбандар арасындагы (U-20) дүйнө чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланат.

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынан төрт балбан бүгүн килемге чыгат.

Алар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: 

  • Өмүр Ынтымак уулу – 55 кг,
  • Жантөрө Мирзалиев – 67 кг,
  • Кутман Темирбеков – 72 кг,
  • Салахидин Акназаров – 97 кг.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.