
Бишкекте президенттин катышуусунда «Алга» спорттук комплекси ачылды
Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн «Алга» спорттук комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземи КРнын Премьер-Лигасынын 12-турунун алкагындагы «Алга» (Бишкек ш.) - Барс» (Каракол ш.) футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.
Салтанатка президент Садыр Жапаров катышты.
Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.
Ачылыш азем жана беттеш үч миңге жакын көрүүчүнү топтоду.
Мааламат үчүн:
Учурдагы Бишкек шаарынын «Алга спорттук комплексинин» аймагында 1954-жылы «Эмгек Резерви» спорттук комплекси курулган жана советтик мезгилде борбор калаанын маанилүү спорттук объектилеринин бири катары эсептелген. Көп жылдар бою бул комплекс жаш спортчуларды жана жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоонун негизги машыгуу жана мелдеш өткөрүү базасы болуп келген.
СССР тарагандан кийин комплекс кароосуз калган: көп жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес, материалдык-техникалык база эскирип, стадион заманбап спорттук инфраструктурага коюлган талаптарга жооп бербей калган.
Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын апрель айында мамлекеттик органдардын колдоосу менен комплексти капиталдык реконструкциялоо иштери башталган.
Обьект тууралуу жалпы маалымат:
Спорттук комплекс Бишкек шаарынын Үсөнбаев көчөсүндө жайгашып, анын аянты 7,4 гектарды түзөт. Негизги оюн талаа табигый газон менен капталып, аны алты сызыктуу чуркоо аянтчалары курчап турат. Оюн талаасы заманбап төрт жарык мунарасы аркылуу жарыктандырылып турат. Трибуналар жалпы 3000 көрүүчүгө ылайыкталды. Негизги оюн талаасынын жанында эки машыгуу талаасы орун алды.
Комплексте 142 адамга ылайыкталган мейманкана комлекси орун алды. Мейманканада бөлмөлөр, ашкана, жуунучу бөлмө, кийим алмаштырчу бөлмөлөр жана санитардык түйүндөр бар.
Ошондой эле, ден соолукту чыңдоо комплекси жайгашты. Бул комплекстин биринчи кабатында 40 × 20м өлчөмүндөгү футзал залы, төрт кийим алмаштырчу бөлмө жана машыктыруучулар бөлмөсү жайгашкан. Экинчи кабатта машыгуу залы жана эки кийим алмаштырчу бөлмө бар. Үчүнчү кабатта эки күрөш залы жана эки кийим алмаштырчу бөлмө жайгашкан.
Кошумча инфраструктурага 153 унаа үчүн унаа токтоочу жайы, жасалма газон менен капталган мини-футбол талаасы, универсалдуу спорт аянтчасы жана воркаут-зона кирет.