Кыргызстандык спортчулар Москвадагы эл аралык турнирден жеңиш менен кайтты
Аскердик кармаш урушу боюнча Кыргызстандын курама командасы 11-ноябрда Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди.
Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Эмиль Заярко, спортсмендердин кесиптештери жана жакындары тосуп алды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы 6-10-ноябрь күндөрү Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Жеңиш кубогу” аттуу аскердик кармаш урушу боюнча I эл аралык турнирде командалык эсепте экинчи орунду ээледи.
Мелдешке 21 өлкөдөн келген 100гө жакын спортчу катышкан. Кыргызстандын спортчулары эки күмүш жана эки коло медаль утуп алды.
Күмүш медаль ээси болгон спортсмендер:
- Таласбек Муктаров (65 кг чейин) – “Пантера” атайын багыттагы бөлүгү;
- Олжобай Курбанбеков (80 кг чейин) – КР Коргоо министрлигинин СКА командасы.
Коло медаль ээси болгон спортчулар:
- Ислам Назармухамедов (65 кг чейин) – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары;
- Баястан Омурзаков (60 кг чейин) – ИИМ академиясынын курсанты.
Мындан тышкары, 70 кг чейин салмактагы Аскер институтунун курсанты Медет Камчыбеков төртүнчү орунду камсыздады.
Командалык эсеп боюнча Россия Федерациясынын курама командасы биринчи орунду, ал эми Казакстандын командасы үчүнчү орунду ээледи.
