Ош шаарында Олимпиадалык спорт мектеп-интернатынын курулушу кызуу жүрүүдө
21 май

Ош шаарында Олимпиадалык спорт мектеп-интернатынын курулушу кызуу жүрүүдө

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү Жаштык лагеринин аймагында курулуп жаткан Олимпиадалык спорт мектеп-интернатынын курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Учурда 144 орундуу жатакананын жана мектеп имаратынын пайдубалы толугу менен куюлуп, дубалдарды тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, спортзал курула турган тилкеде котлован казылып, тапталып жана тегизделүүдө.

Курулуш аянтында 10дон ашуун оор техника жана 15тен ашык куруучу эмгектенүүдө. Жалпысынан долбоорго Республикалык бюджеттен 277 миллион сом каралган. Объектти 2026-жылдын үчүнчү кварталында бүтүрүү пландалган.

Курулуш иштерин Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлгө алып, календардык планга ылайык иштер толук кандуу жүргүзүлүүдө.