Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту
5 апрель

Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов эл аралык TYR Pro Swim Series мелдешинде алтын медаль тагынды. 

Мелдеш АКШнын Калифорния штатындагы Сакраменто шаарында өткөн.

Спортчу брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүүдө 1 мүнөт 0,42 секундада келип, алтын медалга ээ болду.

Эске салсак, TYR Pro Swim Series эл аралык мелдешинде Америкада өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат турган спортчулар белгилүү болду.