Бишкекте Аскердик кармаш уруш боюнча II эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
Ушул жылдын 19-20-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбаевдин жаркын элесине арналган жаштар жана өспүрүмдөр арасында аскердик кармаш уруш боюнча II эл аралык мелдеш өттү.
Кыргызстан, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнөн спортчулары катышып, жалпы 300дөн ашуун спортчу күч сынашты.
Жалпы командалык эсепте жеңүүчүлөр:
- 1-орун — КР Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы аскер бөлүгү;
- 2-орун— Ички иштер министрлигинин академиясы;
- 3-орун — КРнын Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту.
