Ошко “Көчмөндөр жолу” мотожүрүшү келди
Ош мэриясы
30 июнь

Ошко “Көчмөндөр жолу” мотожүрүшү келди

Ош шаарынын Борбордук аянтына бүгүн, 30-июнда “Көчмөндөр жолу” аттуу Эл аралык мото-экспедициянын мүчөлөрү келди.

Мэриядан кабарлашкандай, аталган жүрүш 2016-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрү арасында достукту чыңдоо, өлкөлөрдү дүйнөгө таанытуу максатында уюштурулуп келет.

Саякатчыларды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова тосуп алып, мэриянын атынан белектерди тапшырып, ак жол каалады.

Бул жолу экспедицияда 100дөн ашуун катышуучу бар. Алар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандыктар. Бүгүн Жалал-Абаддан Ошко келген мото-туристтер эртең Баткен аркылуу Тажикстанга жол тартышат.