Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кандай оюндар көрсөтүүлөрү айтылды
2026-жылы Кыргызстанда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кандай оюндар камтыларын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Улукбек Өмүрбеков айтып берди.
Ал белгилегендей, анда спорттун 41 түрү аныкталды. Анын 16сы күрөштүн түрлөрү.
"Ар бир өлкөнүн өзүнүн күрөшү бар. Мисалы, кыргыз күрөшү, алыш бел боо күрөшү, өзбек күрөшү, казак күрөшү, орус күрөшү, сумо ж.б. Ушунун баары бирден камтылды", – деди.
Өмүрбековдун айтымында, андан ары ат чабыш кетет. Алар: аламан, кыска аралыкка жана узун аралыкка ат чабыш, жорго салыш ж.б.
Андан кийин тогуз коргоол сыяктуу акыл оюндары.
Ал эми байге фонду бекилди, бирок байгелер так аныктала элек.
