Тайырбек Жумашбек уулу Будапешттеги рейтингдик турнирдин күмүш байге ээси болду
18 июль

Тайырбек Жумашбек уулу Будапешттеги рейтингдик турнирдин күмүш байге ээси болду

Будапешт шаарында өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos 2025” аттуу абройлуу рейтингдик турнирде балбан Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмак категориясында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Алгачкы беттешинде түркиялык Эмрах Орманоглуну 2:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалда индиялык балбан Удитти 5:0 эсебинде утту.

Жарым финалда мекендеши Бекзат Алмаз уулу менен болгон курч беттеште 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми алтын байге үчүн болгон финалдык беттеште 2025-жылдын Азия чемпиону, япониялык Такару Судага 3:5 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш байгесин жеңип алды.

Ошондой эле, Бекзат Алмаз уулу да мыкты жыйынтык көрсөтүп, үчүнчү орунду багындырып, коло медалга ээ болду.

Бүгүн, 18-июлда эркин күрөш боюнча мелдештер 74 кг, 86 кг жана 92 кг салмак категорияларында уланат.

Кыргызстандын атынан Орозбек Токтомамбетов катышат. Ал 74 кг салмак чен бирдигинде 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы польшалык балбаны Шимон Войтковский болот.