Бакай-Ата районунда жаңы спорткомплекстин курулушу аяктап калды
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында заманбап спорткомплекстин курулушу аяктап калды.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, объекттин курулуш иштери өткөн жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Тендердик баасы 59 миллион сомду түзөт.
Жалпы аянты 765 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу спорткомплекс заманбап талаптарга жооп берип, спортчулар үчүн бардык шарттар каралат.
Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылды, жыл аягына чейин объектини пайдаланууга берүү пландалууда.
