Анвар Алиевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча биринчилик өттү
16 апрель

Анвар Алиевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча биринчилик өттү

Ушул жылдын 15-16-апрель күндөрү милициянын полковниги Анвар Алиевдин жаркын элесине арналган ИИМдин Борбордук аппаратынын футбол боюнча биринчилиги өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш-чарада ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Ибраев ички иштер органдарына зор салымын кошкон кесиптеши Анвар Алиевдин элеси кыргыз милициясында түбөлүккө сакталарын баса белгиледи.  

Эки күнгө созулган оюнга он эки команда катышып, жеңүүчүлөргө грамота жана сыйлуу белектер ыйгарылды. 

Анда ИИМдин БМЖККК командасы биринчи, ИИМдин КИББнын командасы экинчи, үчүнчү орунду ИИМдин ЭММККАК кызматы алса, ал эми төртүнчү орунга Тергөө кызматы ээ болушту.

Ошондой эле жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чарага ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктарынын башчылары катышты.

Белгилей кетсек, мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге да номинациялар тапшырылды. “Мыкты дарбазачы” - Мейман Абдыракманов, “Мыкты оюнчу” – Арзыбек Нурманбетов, “Мыкты чабуулчу” – Марат Ормушев аталып, баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылды. Ал эми “Жаш курагы боюнча эң улуу” оюнчу болуп Асылбек Мамбетов аталды.