Бишкекте жаштар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат
Күн мурун, 18-январда Бишкек шаарында 20 жашка (U20) чейинки спортсмендер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Чемпионаттын ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, мелдешке катышкан курама командалардын параддык жүрүшү менен уланды.
Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, ошондой эле спортсмендер, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.
Чемпионаттын расмий бөлүгүндө коноктор куттуктоо сөзүн сүйлөп, бардык катышуучу командаларга ийгилик каалады.
Чемпионаттын ачылыш күнүндө турнирдин кожоюндары болгон Кыргыз Республикасынын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешти.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы Гонконгдун (Кытай) командасын 4:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат. Турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашат.
