Кыргызстандык балбандар Татарстанда өткөн чемпионатта 9 алтын медаль утту
Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн III Дүйнөлүк чемпионатта 10 медаль утту. Анын 9у алтын, бирөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Алтын медалдын ээлери:
- 60 кг Толубай Шүкүров;
- 72 кг Назарбек Космосбек уулу;
- 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
- 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
- 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
- 96 кг Асанкелди Нурказым уулу;
- Бактыяр Мирлан уулу (абсолюттук салмак);
- 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
- +66 кг Айжан Анарбекова.
Коло ээси:
- 66 кг Арлен Эстебесов.
Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
