Чүй облусунда жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадиону ачылат
Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадиону ачылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул объект Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы толугу менен жаңыдан курулган алгачкы стадион.
Стадиондун ачылыш аземи ата-мекендик эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.
Ачылыш азем КРнын Премьер-Лигасынын 7-туру алкагындагы Талант – Алга футболдук клубдарынын беттеши менен уланат.
