Ысык-Көл облусунда «D» сертификаты үчүн машыктыруучулар курсу өттү
12-февралдан 14-февралга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында КФБнын «D» сертификатын алуу боюнча машыктыруучулук курсу өтүп, ал балдар футболу боюнча жаңы адистерди даярдоого багытталды.
Катышуучулар теориялык жана практикалык сабактарда активдүүлүгүн көрсөтүштү. Окутуунун жыйынтыгында 24 машыктыруучуга сертификаттар таршырылды.
Курстун башкы инструктору катары КФБнын өкүлү, балдар-өспүрүмдөр жана чоңдор футболу боюнча тажрыйбалуу машыктыруучу Валерий Юрьевич Березовский иш алып барды.
