Кыргызстандык боксчулар Бакуда өткөн эл аралык мелдеште 2 коло медаль утту 
16 апрель

Кыргызстандык боксчулар Бакуда өткөн эл аралык мелдеште 2 коло медаль утту 

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азейбайжандын Баку шаарында өткөн «Улуу жибек жолу» эл аралык мелдешинде 2 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Мелдеш 11-15-апрель күндөрү өтүп, 9 мамлекеттен келген 175 мушкер катышты.

2-орунду ээлегендер:

  • 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу;
  • +92 кг чейинки салмакта Мырзакир Кошалиев.

Улутук курам машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.