Чолпон-Атада ат чабыш жана ат оюндарын камтыган чоң ат спорту майрамы өтөт
2025-жылдын 3-майында Чолпон-Ата ат майданында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин байгесине ат чабыш жана ат оюндарын камтыган чоң ат спорту майрамы өтөт.
Программада:
- 2 жаштагы таза кандуу англис породасындагы импорттолгондор аттары үчүн ат чабыш – 1 200 м.
- Кунан жорго, 2 жылдык жорголордун жарышы – 2 айлампа – 3 600 м.
- Кыргыз Республикасында туулган таза кандуу англис породасындагы 2 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш – 1400 м.
- Кыз куумай – жуптар
- 2 жаштагы аттар үчүн ат чабыш (жарым кандуу тобу) – 1 400 м
- Бышты жорго, 3 жылдык жорголордун жарышы – 3 айлампа – 5 400 м
- 3 жаштагы англис таза кандуу породасындагы импорттолгонат чабыш – 1 600 м.
- Тыйын энмей
- Кыргыз Республикасында туулган таза кандуу англис породасындагы 3 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш – 1 800 м.
- Жорго Спринт – 1 айлампа – 2 000 м.
- 3 жаштагы жана андан чоң аттар үчүн ат чабыш – жарым кандуу тобу) – 2 000 м
- Жорго салыш - 4 жаштагы жана андан чоң жорголордун жарышы – 5 айлампа – 9000 м.
- 4 жаштагы жана андан чоң англис породасындагы импорттолгон жылкылар үчүн ат чабыш – 2 0 00м.
- Лотерея ойнотуу.
- Кыргыз Республикасында туулган 4 жаштагы жана андан чоң англис таза кандуу жылкылар үчүн ат чабыш - 2000 м.
- Аламан байге - дистанция – 20 км – 11 кр.
