Бүгүн Бишкектеги «Алга» спорттук комплекси ачылат
Бүгүн, 13-июнда Бишкектин толугу менен реконструкциядан өткөн шаардык «Алга» спорттук комплексинин салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Ачылыш азем КР Премьер-Лигасынын 12-турунун алкагындагы «Алга» (Бишкек ш.) - «Барс» (Каракол ш.) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат.
Концерттик программа саат 18:30да башталат. Ал эми, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:30да жаңырат.
Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.
Стадионго кирүү чакыруу биллеттери боюнча уюштурулат.
