Бишкектеги конуштардын командалары арасында волейбол турнири өттү
Бишкек шаарында 16 жашка чейинки өспүрүм кыздар жана балдар арасында конуштардын командаларынын арасында волейбол турнири өттү.
Мэриядан кабарлашкандай, мелдеш «Асылбаш» спорт комплексинин базасында өткөрүлүп, эки жумага созулду. Жалпысынан 192 өспүрүм катышты.
7–14-июль күндөрү кыздар арасында оюндар өтүп, 96 катышуучу болду. 14–21-июль аралыгында уландар күч сынашып, 96 катышуучу оюн талаасына чыкты.
Турнирдин негизги максаты — жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн бош убактысын пайдалуу жана активдүү өткөрүүнү уюштуруу жана конуштардан келген жаштарды спортко тартуу.
Уландар арасында жыйынтыктар:
1-орун: «Асылбаш»;
2-орун: «Асылбаш 2»;
3-орун: «Ак-Орго» конушу.
Кыздар арасындагы жыйынтыктар:
1-орун: «Ак-Ордо» конушу;
2-орун: «Ак-Орго» конушу;
3-орун: «Ак-Орго 2» конушу.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.
Турнирдин уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.
