Бишкекте салттуу тай боксу боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды
Бишкекте 21-сентябрда салттуу муай тай (тай бокс) боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.
Биринчилик 18-сентябрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда башталган.
Чемпионатка жалпысынан 400 спортчу катышты.
Ар бир салмак категориясында мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчулар диплом, медаль жана кубок менен сыйланды.Мелдештер WMF – Дүйнөлүк Муай Тай Федерациясынын эрежелерине ылайык өтүп, беттеш формуласы: 3 раунд × 3 мүнөт.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстанда Салттуу Муай Тай (Тай бокс) спорт түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле 2026-жылы өтө турган Дүйнө жана Азия чемпионаттарына катыша турган улуттук курама команданын курамын түзүү.
