«Ден-соолук» командасы үчүнчү ирет «Мурас» салттуу достук мелдешин жеңди
Бүгүн, 1-июнь күнү «Мурас» мелдешинин 1/4 финалы, жарым финалы жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында - 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 2-1 эсебинде жеңди.
Ал эми, көз жоосун алган финалдык оюнда «Ыйман» «Ден-соолук» менен кез келип, негизги убакыттын соңунда эсеп саны тең калып (2-2), пеналтилер сериясы гана жеңүүчүнү аныктады, анда саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү тагыраак болуп чыгышты. Ошентип, «Ден-соолук» командасы «Мурас» салттуу мелдешин үчүнчү жолу жеңишти. «Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
- 1-орун – «Ден-соолук»
- 2-орун – «Ыйман»
- 3-орун – «Президенттин командасы»
- 4 орун – «Коопсуздук»
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
- Мыкты оюнчу – Нурлан Турусбеков (Ден-соолук)
- Мыкты бомбардир – Садыр Жапаров (Президенттин командасы, 14 голов)
- Мыкты дарбазачы – Султан Осмонбеков (Ыйман)
«Мурас» турниринин байге фонду 1 миллион сомду түзөт, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү. Ал индивидуалдак сыйлыктын ээлерине 50 миң сомдон тапшырылды.
