Кыргызстандын футзал боюнча курамасы 2026-жылкы Азия кубогуна жолдомо утту
Бишкекте 24-сентябрда футзал боюнча 2026-жылкы Азия кубогунун «F» тайпасындагы тандоо оюндарынын жыйынтыктоочу туру өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан менен кез келди.
Беттеш Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде орун алды.
Бүйүр кызыткан оюнда Кыргызстандын улуттук курама командасы 3-2 эсебинде жеңишке жетти.
Голдордун авторлору: Максат Алимов (14'), Самат Джанат уулу (22'), Кайрат Кубанычов (25'). Ошентип, курама команда 9 упай менен турнирдик жадыбалдын биринчи орунунан Азия кубогуна түз жолдомону камсыздады.
Эске салсак, буга чейин курама командабыз Чыгыш Тиморго каршы болгон беттешинде 9-1 эсебиндеги жеңишти камсыздап, Палестинаны да 2-1 эсебинде жеңген. Үч турдан кийин, курамабыз 9 упай менен турнирдик жадыбалдын сап башында туруп Өзбекстанды (2-орун, 6 упай) артта калтырды. Ал эми, Чыгыш Тимор (3 упай) 3-орунда, Палестина (0 упай) акыркы орунда жайгашышты.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы Азия Кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Испаниялык адис Луис Бернат Молинанын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган.
Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, экинчи орунду ээлеген 7 мыкты команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы турнирге континенттин 16 командасы катышат. Азия аубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 14-31-май күндөрүндө Индонезияда өтөт.
