Ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды
9 май

Ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкекте Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 8-майда ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Чемпионатка республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • 1-орун Талас облусу;
  • 2-орун Бишкек шаары;
  • 3-орун Нарын облусу.