Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык “Манас” турнири башталды
Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаарындагы Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде 20 жашка чейинки балбандар (U20) арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык “Манас” турнири башталды.
Эл аралык турнирдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов, КРнын Күрөш федерациясынын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азат Эмилбеков катышты.
Иш-чараны Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев ачып, спортсмендерге ийгилик каалап, татыктуу күрөш көрсөтүүгө чакырды. Ал “Бул турнир жаш балбандар үчүн өз чеберчилигин арттырууга, эл аралык тажрыйба топтоого жана Кыргызстандын намысын коргоого чоң мүмкүнчүлүк түзөт” деп белгиледи.
Мелдешке 2006-2007-2008-жылдары төрөлгөн спортсмендер катышты. Турнир төмөнкү салмак категориялары боюнча уюштурулду: 55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг, 77 кг, 82 кг, 87 кг, 97 кг жана 130 кг.
“Манас” турнири 2020-жылдан бери 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнүнө карата өткөрүлүп келет, ал эми 2022-жылы эл аралык статус алган. Быйылкы мелдешке Казакстандан спортчулар катышты.
I-II-III орундарды ээлеген жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, диплом жана уюштуруучулар менен демөөрчүлөр тарабынан даярдалган сыйлыктар менен сыйланат.
