Гуанчжоудо КРнын Башкы консулдугунун Кубогу болуп өттү
16 апрель

Гуанчжоудо КРнын Башкы консулдугунун Кубогу болуп өттү

Гуанчжоу шаарында 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан кыргыз ишкерлеринин колдоосу менен уюштурулган ири спорттук-маданий иш-чара — «Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун Кубогу» болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Мелдештерге катышкандар жогорку кесипкөйлүгүн жана таза атаандаштык принциптерин карманган спорттук рухун көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөргө эстелик үчүн белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук бөлүк менен катар келген коноктор улуттук ыр-бийлерден турган концерттик программага күбө болушуп, кыргыз улуттук ашканасынын даамдарын татышып, чыныгы кыргыз меймандостугуна бөлөнүштү.

Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Хомени Эргешов куттуктоо сөзүндө мындай иш-чаралар Кытайда жашаган кыргызстандыктардын ортосундагы байланыштарды чыңдоодо жана улуттук өзгөчөлүктү сактоодо зор мааниге ээ экенин белгиледи.

«Башкы консулдуктун Кубогу» спорттук гана эмес, кыргыз диаспорасын консолидациялоого багытталган маанилүү коомдук окуя болуп калды.

Иш-чаранын уюштуруучулары бардык катышуучуларга жана меймандарга ыраазычылык билдирип, бул мелдешти жыл сайын өткөрүү пландары бар экенин жарыялашты.

Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерди колдоо жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө боюнча ишин улантууда.