Аркан тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси
1 июнь

Аркан тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 30-майда аркан тартыш боюнча өлкө чемпионаты болуп өттү. 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, мелдеш Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн. 

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

680 кг (эркектер арасында):

  • 1-орун ПСН Чүй облусу;
  • 2-орун Нарын облусу;
  • 3-орун Бишкек шумкар.

560 кг (кыз-келиндер арасында):

  • 1-орун Бишкек шумкар;
  • 2-орун Айкөл;
  • 3-орун Алмаз.

720 кг (эркектер арасында):

  • 1-орун Чүй облусу;
  • 2-орун Жалал-Абад Таш Көмүр;
  • 3-орун Бишкек шумкар.