Кыргызстандык спортчулар Абу-Дабиде өткөн Дүйнө Кубогунда байгелүү орундарды багындырды
Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Абу-Дабиде өткөн Дүйнө Кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Гүлназ Жузбаева коштоочусу Юлия Фернас менен 3-орунду ээледи.
Ал эми Дастан Камчыбеков коштоочусу Артём Шапилов менен 5-орунду ээледи.
Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
