Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
21 апрель
Бишкекте гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги башталды
Бишкекте “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо комплексинде 21-апрелде гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Самат Эркинбеков, чет өлкөдөн келген делегаттар, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.
Биринчиликке 16жашка чейин жана 18жашка чейинки 9 өлкөдөн келген спортсмендер катышып, жалпы 300гө жакын балбандар күч сынашууда.
Спортчулар төмөнкүдөй салмак ченинде күч сынашат.
- 16 жашка чейинки эркектер: -53 кг; -58 кг; -63 кг; -68 кг; +68 кг
- Кыздар: -53 кг; -58 кг; +58 кг.
- 18 жашка чейинки эркектер: -58 кг; -63 кг; -68 кг; -73 кг; -78 кг; +78 кг
- Кыздар: -58 кг; -63 кг; +63 кг категориясында беттешет.
Мелдештер 23-апрелге чейин уланат.
