Нарында түшүм майрамы белгиленип, ат жарыштар өткөрүлдү
10 ноябрь

Нарында түшүм майрамы белгиленип, ат жарыштар өткөрүлдү

2025-жылдын 8-ноябрында Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айыл аймагындагы Ак-Талаа айылында жайгашкан “Асанбек Ата” ат майданында айыл чарба кызматкерлеринин күнү жана “Түшүм майрамына” арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администарциясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Ташболотов, айыл өкмөт башчылары, дыйкандар, Нарын районунун айыл аймактарынан жана Ак-Талаа районунан келген тургундар жана жергиликтүү жашоочулар катышып, майрамдык маанайда ат оюн жарыштары болду.

Салтанаттын жүрүшүндө район акими Н.Мадимаров айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгек кылган дыйкандарды куттуктап, мыктыларына “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык катттарды” тапшырды.

Ат чабыш жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Тай жарыш:

  • 1-орун – Т.Жунусакуновдун тайы (Тоголок Молдо айылы, Ак-Талаа району) – 10 000 сом
  • 2-орун – З.Куронкеевдин тайы (Тоголок Молдо айылы, Ак-Талаа району) – 7 000 сом
  • 3-орун – С.Касымовдун тайы (Эмгек-Талаа айылы, Нарын району) – 3 000 сом

Кунан жарыш:

  • 1-орун – Р.Кожокеев (Эмгек-Талаа айылы, Нарын району) – 7 000 сом
  • 2-орун – У.Ажыбеков (Эмгек-Талаа айылы, Нарын району) – 5 000 сом
  • 3-орун – Корчубек Конокбаев (Жерге-Тал айылы) – 3 000 сом

Аламан байге:

  • 1-орун – К.Бакиров (Ак-Кудук айылы) – 20 000 сом
  • 2-орун – С.Бусубалиев (Тоголок Молдо айылы, Ак-Талаа району) – 15 000 сом
  • 3-орун – Б.Эсенбаев (Тоголок Молдо айылы, Ак-Талаа району) – 5 000 сом