Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 18-19-январь күндөрү “Газпром” спорттук комплексинде дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке Республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг ;
- Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг.
-
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалдык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
